МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ВЕНГРИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММА ЖАНА РЕКТОРЛОРДУН КОНФЕРЕНЦИЯСЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Январь 2024 ж. 18:06

Көрүлдү: 537

10-январда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Венгрия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

post.title

Тараптар Stipendium Hungaricum стипендиялык программасы жөнүндө меморандумдун долбоорун, ректорлордун кыргыз-венгер конференциясын уюштурууну талкуулашты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева эки өлкөнүн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн стипендия алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү, кыргыз-венгрия кесиптик лицейин уюштуруу мүмкүнчүлүгү, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун өз ара аракеттенүү чөйрөсүн кеңейтүү жана илимий чөйрөдө тажрыйба алмашуу тууралуу пикир алмашышты.

Элчи Шандор Дороги кесиптик байланыштарды тереңдетүү үчүн кыргыз жана венгер тилдерин билген адистерди даярдоонун актуалдуулугун белгиледи. Ошондой эле ал айрым мектептер окуу процессинде венгриялык иштеп чыгуучулардын Mozaik программасын колдонуп жатканын белгиледи.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар