ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН II БАСКЫЧЫ 18-19-ЯНВАРДА ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Январь 2024 ж. 16:39

Көрүлдү: 2289

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын II баскычы (райондук/шаардык) 2024-жылдын 18-19-январында өткөрүлө тургандыгын маалымдайт.

post.title

Буга байланыштуу бүгүн, 10-январда Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров, ушул эле башкармалыктын жетектөөчү адиси Алымкан Мырзалиева жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен республикалык олимпиаданын II баскычын өткөрүү боюнча онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйында Алтынбек Жапаров райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына 2019-жылдын 11-ноябрындагы №1310/1 “Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө” Жобого ылайык бардык талаптарды аткаруу жана сактоо менен олимпиаданы өткөрүү тапшырмасын берди.

ББОУБдун директору Чынара Батракеева Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан алдын-ала берилген электрондук почталарга райондук/шаардык олимпиаданын биринчи турун өткөрүү үчүн 18-январь күнү эртең мененки саат жетиде кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган бардык дептерлердин электрондук версиялары (PDF) жибериле тургандыгын билдирди. Ошондой эле 19-январда эртең мененки саат жетиде ББОУБ тарабынан олимпиаданын экинчи туру үчүн дептерлердин электрондук версиялары (PDF) жөнөтүлөт. 

2023-2024-жж. республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы үчүн талаптарhttps://testing.kg/news/2023-2024-zhzh-respublikalyik-olimpiadanyin-ii-rajonduk-etabyi-chn-talaptar616

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар