КМТУнун СТУДЕНТТЕРИНЕ ИННОВАЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ҮЧҮН IT АКАДЕМИЯ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Январь 2024 ж. 15:16

Көрүлдү: 1314

10-январда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде IT академиянын ачылыш аземине катышты.

post.title

Университеттин студенттери Мобилдик иштеп чыгуу, Жасалма интеллект, буюмдар интернети багыттары боюнча билим ала алышат жана Samsung компаниясынын методикасы боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуп, өздөрүнүн долбоорун иштеп чыгып, өздөрү иштеп чыккан мобилдик тиркемелерди сынай алышат.

Samsung IT академиясы – Бул маалыматтык технологиялар тармагында адистерди даярдоо боюнча Samsung Innovation Campus демилгесинин алкагындагы социалдык билим берүү программасы.

Ошондой эле салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин,  Korea International Cooperation Agency  жана “Samsung Electronics” компаниясынын өкүлдөрү катышышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар