2023-ЖЫЛЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНЕ 29 МИҢ 96 КАТ КЕЛИП ТҮШКӨН

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Декабрь 2023 ж. 23:49

Көрүлдү: 1611

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратында 2023-жыл ичинде иш кагаздарын жүргүзүүнүн жалпы көлөмү 52 миң 841 иш кагазын түздү.

post.title

Анын ичинен министрликке келип түшкөн каттардын саны – 29 миң 96, ал эми министрликтен чыгышталган (башка органдарга жөнөтүлгөн) каттардын саны – 17 миң 617.

Документтик камсыз кылуу бөлүмү тарабынан 2023-жыл ичинде министрликтин негизги ишмердүүлүгү боюнча 5 миң 735 буйрук, 39 аппараттык кеңешменин протоколу, ошону менен бирге 354 справкалар, ишеним каттар, заявкалар, телефонограммалар катталган.

Министрлик 2023-жыл ичинде “Коомдук кабылдама” аркылуу 25 миң 175 жаранды кабыл алган.

Мындан сырткары “Ишеним телефону” аркылуу 501 жаран ар кандай маселелер боюнча байланышка чыгышкан. Алар негизинен балдар бакчалары, мектеп, жогорку окуу жайлары, лицензия жана коррупциялык маселелер тууралуу кайрылышкан. Ал аймактар боюнча төмөнкүдөй:

-           Бишкек шаарынан – 62 жаран;

-           Ош шаарынан – 49 жаран;

-           Баткен облусунан – 41 жаран;

-           Жалал-Абад облусунан – 61 жаран;

-           Нарын облусунан – 44 жаран;

-           Ош облусунан – 66 жаран;

-           Талас облусунан – 55 жаран;

-           Ысык-Көл облусунан – 48 жаран;

-           Чүй облусунан – 75 жаран.

“Коомдук кабылдама” аркылуу жыл ичинде 192 жаран өз маселелери менен министрдин жеке кабыл алуусунда болгон. Анын ичинен 103 жарандын маселеси чечилсе, 89 жарандын маселесин чечүү боюнча тийиштүү түзүмдөр тарабынан иш алып барылууда. 

Белгилей кетсек, 2023-жылдагы иш кагаздарын жүргүзүүнүн жалпы көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 14 миң 976 иш кагазына көбөйгөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар