ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ: 9 ТАЛАПКЕР АҢГЕМЕЛЕШҮҮДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Декабрь 2023 ж. 16:38

Көрүлдү: 1891

Бүгүн, 29-декабрда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлугуна тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер конкурстун кийинки этабы болгон аңгемелешүүдөн өтүштү.

post.title

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу төрагалык кылган конкурстук комиссия талапкерлерди төмөндөгү тандоо критерийлери боюнча аңгемелешүүдөн өткөрдү:

  • Окуу жайды өнүктүрүүнүн жакынкы 5 жылга планы;
  • Кызматтык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдарды жана документтерди билүү;
  • Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү окуу жайларын өнүктүрүүнүн ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларын билүү;
  • Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү окуу жайлардын ишмердүүлүгүн болжолдоо жана пландаштыруу, талдоо мүмкүнчүлүгү;
  • Өндүрүштүк этика, баарлашуу стили, чыгармачылыкка жөндөмдүүлүк, ишкердүүлүк.

Жыйынтыгында конкурстук комиссиянын чечими менен 11 талапкердин 9у аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өттү:

  1. Жусупов Адылбек Ишенбаевич – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 2 кесиптик лицей;
  2. Ботобеков Тынчтыкбек Сулайманович – Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылындагы № 31 кесиптик лицей;
  3. Абжалиева Нематхон Токобековна – Ош шаарындагы №16 кесиптик лицей;
  4. Ыдырысов Анарбай Бапыевич – Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айылындагы № 29 кесиптик лицей;
  5. Акпаралиев Сонунбек Абдылдаевич – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы № 21 кесиптик лицей;
  6. Аматов Медербек Саитович – Бишкек шаарындагы № 4 кесиптик лицей;
  7. Кулушова Алтынай Токтосуновна – Бишкек шаарындагы № 91 кесиптик лицей
  8. Апсалиева Айнура Ташболотовна – Нарын облусунун Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицей;
  9. Мундусбаева Майрамкүл Самаровна – Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы № 37 кесиптик лицей;

Белгилей кетсек, Бүгүн, 28-декабрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына тестирлөө жүргүзүлгөн.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар