ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАКТЫ ТЕСТИРЛӨӨДӨН 12 ТАЛАПКЕР ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Декабрь 2023 ж. 19:27

Көрүлдү: 2403

Бүгүн, 28-декабрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына тестирлөө жүргүзүлдү.

post.title

Тестирлөөнүн 1-нөөмөтүнө Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарынан келген 62 талапкер катышса, 2-нөөмөткө Чүй, Нарын жана Талас облустарынан келген талапкерлер катышты.

Сынакка катышууга укук алган 163 талапкердин ичинен 29у катышкан жок.

Тестирлөөдө 12 катышуучу 70% жана андан жогору балл алышты.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси:

1. Абжалиева Нематхон Токобековна, Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;

2. Адылбекова Курманжан Адылбековна, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын директорлугуна талапкер;

3. Акпаралиев Сонунбек Абдылдаевич, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы № 21 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;

4. Аматов Медербек Саитович, Бишкек шаарындагы № 4 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;

5. Апсалиева Айнура Ташболотовна, Нарын облусунун Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;

6. Ботобеков Тынчтыкбек Сулайманович, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылындагы № 31 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;

7. Джапобаева Асель Кожошевна, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылындагы № 42 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;

8. Джолдубаева Анаргуль Дженишбековна, Нарын облусунун Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;

9. Жусупов Адылбек Ишенбаевич, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 2 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;

10. Кулушова Алтынай Токтосуновна, Бишкек шаарындагы № 91 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;

11. Мундусбаева Майрамкүл Самаровна, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы № 37 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;

12. Ыдырысов Анарбай Бапыевич, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айылындагы № 29 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;

Белгилей кетсек, тестирлөө КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнунундагы №312 токтомунун негизинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан өткөрүлүүдө.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар