7 МУГАЛИМГЕ “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМИ” АРДАКТУУ НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Декабрь 2023 ж. 18:27

Көрүлдү: 1511

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 7 мугалимге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наамы ыйгарылды.

post.title

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наам:

 

Алишов Абдуллага

Ош облусунун Кара-Суу районунун Х. Таширов атындагы № 72 орто мектебинин дене тарбия мугалими;

Алымбекова Токтобүбүгө

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригород жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

 

Бегалиева Шайырга

А. Каниметов атындагы № 1 жалпы билим             берүүчү                       гимназия- интернатынын ардагери, Бишкек шаары;

Дооранова Фаридага

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин                                           биология мугалими;

Дуйшеналиева Райкан Абдиловнага

Чүй облусунун Чүй районунун Маданият айылындагы Б. Маленов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Кайдылдаева Гульнарага

Нарын облусунун Нарын шаарынын В.П. Чкалов атындагы № 2 мектеп- гимназиясынын                                         башталгыч класстардын мугалими, директордун орун басары;

Салиев Абдилдага

Ош облусунун Ноокат районунун Токтогул атындагы санаториялык мектеп-интернатынын ардагери;

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар