ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: БАЛДАР БАКЧАЛАРЫН МАМЛЕКЕТТИН КАРАМАГЫНА КАЙТАРУУ ЖӨНҮНДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Декабрь 2023 ж. 18:08

Көрүлдү: 1407

Туруктуу өнүгүү максаттарынын 4.2-максаты болуп “2030-жылга чейин бардык кыздар менен эркек балдардын сапатту өнүгүү тутумуна, кенже жаштагы мектепке чейинки балдарга кам көрүүнү жана башталгыч билим алууга даяр экендигин камсыз кылуу” деп көрсөтүлгөн.

post.title

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки курактагы балдар үчүн бала бакчаларды көбөйтүү максатында башка багытта колдонууга өтүп кеткен мурдагы бала бакчаларды мамлекеттин карамагына кайтаруу иштерин улантууда.

2010-жылдан 2023-жылга чейин 243 бала бакча кайтарылып, 20 000 ден ашуун бала мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбия алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ал эми быйыл Бишкек шаарында жана Токмок шаарында бирден бала бакча кайтарылды. Учурда бул 2 бала бакчада мектепке чейинки курактагы 240 бала тарбияланууда.

1) №8 МЧББУ, Бишкек ш. Ленин р-ну, Чокморов көч. 253, 120 – орундуу, обьекттин кайтарылган күнү – 2023-жылдын 1-февралы;

2) “Ширин-Наристе” МЧББУ, Чүй облусу, Чүй району, Кош-Коргон айылы, н/ж120 – орундуу, обьекттин кайтарылган күнү – 2023-жылдын 17-марты.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар