МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖРТда ЭҢ МЫКТЫ КӨРСӨТКҮЧКӨ ЖЕТИШКЕН АЙЧҮРӨК ИШЕНБЕКОВА МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Декабрь 2023 ж. 17:58

Көрүлдү: 271

26-декабрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) эң жогорку баллга ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн бири Айчүрөк Ишенбекова менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда ЖРТ тестинен жогорку балл алуунун жолдору жана ыкмалары тууралуу талкуу болду. Ошондой эле Айчүрөк дүйнөдөгү 10 мыкты университеттин бири саналган Гарвард университетинде окуу кыялы бар экендигин билдирди.

Учурда ал жогорку окуу жайга тапшырууга даярданууда.

Белгилесек, Айчүрөк Ишенбекова 2023-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку (232 балл) упай топтогондордун катарында “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгон.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар