УЛУТТУК АКРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫНДА «САПАТТУУ БИЛИМ» АГЕНТТИГИ ТААНУУ ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮККӨ ЭЭ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Декабрь 2023 ж. 17:54

Көрүлдү: 259

2023-жылдын 27-декабрында Улуттук аккредитациялык кеңештин жыйыны өтүп, анда «Сапаттуу билим» билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттигин таануу маселеси каралды.

post.title

Талкууда окуу жайлардагы кадр даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду жана «Сапаттуу билим» агенттигине билим берүү мекемелеринде билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды беришти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында “Сапаттуу Билим” агенттиги таануу жөнүндө күбөлүккө ээ болду.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук аккредитациялоо кеңешинин курамы:

Улуттук аккредитациялоо кеңешинин төрагасы:
-Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри
Мүчөлөрү:

-Маткеримов Айбек Тураталиевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары 

-Максутов Алтынбек Аскарович – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

-Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

-Маданбеков Нуржан Жоломанович – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин санариптештирүү боюнча проректору; 

-Калматов Роман Калматович – Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин Патология, базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын профессору;

-Бебезов Бахадыр Хакимович – Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети жогорку кесиптик билимдин мамлекеттик билим берүү мекемесинин госпиталдык хирургия кафедра башчысы;

-Сосновская Тамара Александровна – Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү кызматкерлеринин ассоциациясынын президенти;

-Бейшеналиева Чолпон Жумабековна - Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын бизнес-билим берүү борборунун жетекчиси;

-Боромбаева Эльвира Наматовна – “Кичи ГЭСтер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин президенти. 
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар