БЕРЛИНДЕ КР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН “FAV SERVICE GGMBH” КОМПАНИЯСЫНЫН ОРТОСУНДА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Декабрь 2023 ж. 17:38

Көрүлдү: 1127

2023-жылдын 18-декабрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Германиянын Тюрингия Федералдык аймагында жайгашкан «FAV Service gGmbH» коммерциялык эмес компаниясынын жетекчиси профессор Хайко Шюлердин жолугушуусу болуп өттү.

post.title

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

Хайко Шюлер билдиргендей, компания Германияда үч жылдык дуалдык кесиптик билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгү менен гана алектенет. Долбоор Евробиримдиктин биргелешкен колдоосу менен ишке ашырылууда.


Жолугушууда тараптар Германияда кыргызстандык жарандарды квалификациялуу адистикке даярдоо боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо үчүн кесиптик-техникалык билим берүү тармагында кызматташууну бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «FAV Service gGmbH” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар