САНАРИПТИК ОКУТУУГА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ СУНУШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Декабрь 2023 ж. 16:37

Көрүлдү: 1131

18-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинде “Таалим-Форум” коомдук фонду “Кыргызстандагы мектептик билим берүү: санариптик окутууга даярдык” презентациясында мугалимдердин жана окуучулардын санариптик билим берүү чөйрөсүн киргизүүгө даярдыгын өлчөө боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын сунуштады.

post.title

Изилдөөдө даярдык индекси мугалимдердин жана окуучулардын онлайн окутуу куралдарын, санариптик байланышты, компьютердик көндүмдөрдү колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалоону камтыды.

Изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, мугалимдер жана окуучулар салттуу окутууга артыкчылык беришкен. Бул онлайн окутуу куралдарын натыйжалуу пайдалануу, билим берүү системасында инновацияларды киргизүү жана масштабдоо үчүн көптөгөн маселелерди чечүү зарылдыгын көрсөтүп турат.

Министрдин орун басары Лира Самыкбаева презентациянын жыйынтыгы боюнча изилдөөнүн корутундулары жана сунуштары санариптик трансформацияны башкаруу жана санариптик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү жаатында мындан аркы кадамдарды иштеп чыгууда эске алынаарын билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар