МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМДИ ИНТЕРНАЦИОНАЛДАШТЫРУУ БОЮНЧА ТАЛКУУГА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Декабрь 2023 ж. 17:37

Көрүлдү: 499

15-17-декабрда Бонн шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев, И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман техникалык институтунун директору Анипа Усупкожоева, DAAD өкүлдөрү, DAAD стипендиаттары жана Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин кызматкерлери Германиянын Академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) колдоосу менен уюштурулган «Климаттын өзгөрүүсү шартында билим берүүнү жана илимди интернационалдаштыруу адамзаттын актуалдуу маселелерин чечүү механизми катары» темасындагы тегерек столго катышты.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим тармагында Кыргызстандын жаштарына көрсөтүлүп жаткан стипендиялык колдоосу үчүн DAAD жетекчилигине ыраазычылык билдирип, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүндөгү алардын маанилүү ролун баса белгиледи.

Элчи Өмүрбек Текебаев билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалы, эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

Тегерек столдун катышуучулары сапаттуу эл аралык билим берүү аркылуу жашыл технологияларды өнүктүрүү маселесин талкуулап, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы байланышты чыңдоодо жана актуалдуу маселелерди чечүүдө DAAD стипендиаттарынын ролун белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар