ГЕРМАНИЯ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ СУРОО-ТАЛАПКА ЭЭ КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Декабрь 2023 ж. 17:02

Көрүлдү: 446

15-декабрда Дюссельдорф шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагынын Эмгек, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо министрлигинин Статс-катчысы Маттиас Хайдмайердин жолугушуусу болуп өттү.

post.title

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагынын ортосундагы кесиптик-техникалык билим берүү тармагында кызматташуу, Германия менен Кыргызстанда андан ары ишке орноштуруу үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева эки өлкөнүн экономикасында азыркы суроо-талапка ээ болгон кесиптерге квалификациялуу кадрларды биргелешип даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар бул маселе боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар