ГЕРМАНИЯ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУНУ БЕКЕМДӨӨ МАКСАТЫНДА АКАДЕМИЯЛЫК АЛМАШУУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Декабрь 2023 ж. 16:54

Көрүлдү: 349

2023-жылдын 15-декабрында Бонн шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Германиянын Академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) Башкы катчысы Кай Сикстин жолугушуусу болуп өттү.

post.title

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин Германиянын академиялык алмашуу кызматы менен кызматташуусун бекемдөө максатында академиялык алмашууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министр Д.Кендирбаева DAAD менен өз ара аракеттенүү жылдарындагы ийгиликтүү кызматташууну канаттануу менен белгилеп, билим берүү жана илимий программаларды мындан ары да илгерилетүү зарылдыгын, Кыргызстандан келген студенттерди Германиянын университеттеринде окууга стипендиялык колдоону кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Германияда билим алуу үчүн студенттердин немис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле эки өлкөнүн студенттеринин ортосунда маданий алмашууну уюштуруу маселелери да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Германиянын академиялык алмашуу кызматынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогоруда аталган багыттары боюнча кызматташууну улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар