ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТАК ИЛИМДЕР БОЮНЧА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДАГЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКҮЛҮН КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Декабрь 2023 ж. 15:46

Көрүлдү: 1226

14-декабрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Так илимдер боюнча XX эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасына (20th International Junior Science Olympiad) Кыргыз Республикасынан атынан башкы машыктыруучу жана өкүл катары катышып келген Чыңгыз Тилебалдиевди кабыл алды.

post.title

Кыргыз Республикасы бул олимпиадага 2015-жылы катышкан. Быйыл олимпиадага байкоочу катары Кыргыз Республикасынан катышкан Чыңгыз Тилебалдиев 2015-жылы Нарын лицейинде онунчу класстын окуучусу катары коло медаль тагынган.

Жолугушууда Чыңгыз Тилебалдиев 2024-жылы Румынияда өтө турган так илимдер боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасына Кыргыз Республикасынын курама командасы катыша турганын мааалымдады.

Жолугушуунун катышуучулары мектеп окуучуларын даярдоону, улуттук этапты натыйжалуу уюштурууну жана мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Таиланддын Бангкок шаарында 1-декабрдан 10-декабрга чейин өткөн олимпиадага 55 өлкөдөн 311 окуучу катышты.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар