ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН АБИТУРИЕНТТЕРДИ ТАНДОО ЖАНА КАБЫЛ АЛУУ ГРАФИГИ БЕКИДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Декабрь 2023 ж. 15:09

Көрүлдү: 712

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун алкагында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө буйругу чыкты.

post.title

Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт:

I тур – 2023-жыл, 25-30-декабрь,

II тур – 2024-жыл, 8-13-январь,

III тур – 2024-жыл, 15-20-январь,

IV тур – 2024-жыл, 22-27-январь.

Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүүнүн бекитилген графиктеринин мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуу милдеттендирилет.

Кабыл алуу жана ЖОЖдор жөнүндө толук маалымат сайтында https://2020.edu.gov.kg/vuz

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар