КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ЖРТ: 554 АБИТУРИЕНТ БОСОГО УПАЙДАН ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Декабрь 2023 ж. 14:49

Көрүлдү: 322

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 554 абитуриент босого баллдан, тагыраагы 110дон өткөндүгүн маалымдайт.

post.title

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку балл – 214, эң төмөнкү балл – 38, орточо – 120,3 болду.

Жалпысынан кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 902 адам катышты. Анын ичинен тестти 436 адам – кыргыз тилинде, 466 адам – орус тилинде тапшырды.

Белгилей кетсек, өткөн жылы кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 1 миң 260 адам катышкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар