МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ КОРЕЯ МЕНЕН ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Декабрь 2023 ж. 18:08

Көрүлдү: 623

15-декабрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Конжу улуттук университетинин өкүлдөрү менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда тараптар буга чейин кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Конжу улуттук университетинин ортосундагы меморандумдун алкагында инклюзивдик билим берүү жаатында педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты.

Министрлик менен университеттин ортосунда меморандумдун алкагында быйыл Кыргыз Республикасынын 11 мектебинин мугалимдери Корея Республикасына атайын жана инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатуу программасына катышып келген. Корея Республикасына баруу мүмкүнчүлүгү июль айында Бишкек шаарында өткөн тренингдин жыйынтыгы боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырган окутуучуларга берилген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар