ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА XV ЕВРАЗИЯЛЫК ОЛИМПИАДАДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ЭЭ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Декабрь 2023 ж. 14:24

Көрүлдү: 1699

11-12-декабрда Алматыда информатика боюнча XV Евразиялык олимпиада өттү, анда Кыргызстандын окуучуларынан турган бир команда – алтын, эки команда – күмүш, үч команда коло медалга ээ болду.

post.title

Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучулары Эмил Талыпов, Адил Канатбеков, Ян Бобрус курамына кирген команда алтын байгеге ээ болду. (Тренери - Осмонов Медербек).

Курамына Исхак Тажибаев, Алихан Айдарбеков, Тенгиз Джамалов кирген курама команда күмүш байгеге ээ болду, тренери - Кылычбек Ураимов.

Ошондой эле күмүш байгени Абдулазиз Лебиев, Кутбол Алманов, Санжар Садирбеков сыяктуу окуучулардан турган курама команда жеңип алган, тренери - Кылычбек Ураимов.

Ал эми коло медалга Кыргызстандын мектептеринен барган үч команда ээ болду, атап айтканда,

  • Байтөрө Майрамбеков, Айпери Акжолтоева, Канимет Бусурманкулов кирген курама команда, тренери - Ураимов Кылычбек;
  • Назар Шаршеналиев, Максат Темирбеков, Адилет Байышов кирген курама команда, тренери - Манас Саматов;
  • Ош Сема лицейинин окуучулары Байыш Минбаев, Али Арапов, Абдуллахан Абдирасулов, тренери - Ураимов Кылычбек.

Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин «Gasprom_team» командасы информатика боюнча XV Евразиялык олимпиадада III даражадагы дипломго ээ болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар