“АТАМ, АПАМ, МЕН - ТЕХНИКАЛЫК ҮЙ-БҮЛӨ!” ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРСУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Декабрь 2023 ж. 17:49

Көрүлдү: 714

10-13-декабрда Бишкекте өткөн “Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлө!” эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү болуп Бишкек шаарынан Жээнбековдордун үй-бүлөсү, Талас облусунан Дүйшөнбиевдердин үй-бүлөсү күмүш, Ош шаарынан Султановдордун үй-бүлөсү коло байгенин ээси болушту.

post.title

Жалал-Абад облусунан Кожомбердиевдердин үй-бүлөсү эң мыкты “үй тапшырмасы” үчүн грамота, Россия Федерациясынан Андреевдердин үй-бүлөсү теориялык турда эң жогорку балл алганы үчүн грамота, Казакстан Республикасынан Илахуновдордун үй-бүлөсү экспресс-турда эң мыкты долбоор үчүн грамота менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөр медалдар, дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланып, бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Конкурстун максаты – окутуу-тарбиялоо процессинде өнөктөш катары үй-бүлөнүн ролун күчөтүү жана балдардын илимий-техникалык жөндөмүн өнүктүрүү анын маанисин жогорулатуу.

Конкурстун уюштуруучулары - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар