ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: ЧАЛДОВАР МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНДАГЫ МАСЕЛЕ ТОЛУГУ МЕНЕН МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ЧЕЧИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Декабрь 2023 ж. 17:16

Көрүлдү: 296

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 5-декабрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы Чалдовар мектеп-интернатынын жана «Манас» лицейинин эмгек жамааты жана ата-энелер менен жолугушту.

post.title

Министр жолугушууда мектеп-интернаттын көйгөйлөрү менен таанышты.

«Учурда интернатта социалдык коргоого муктаж 58 бала окуйт, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесине ылайык, ар бир баланы мамлекет толугу менен өз камкордугуна алат жана билим алуусу үчүн тийиштүү шарттарды түзөт. Бул боюнча мамлекеттин расмий саясаты бар, мыйзам чегинде талдоо иштери жүрөт», - деп билдирди министр.

Министр Догдуркүл Кендирбаева бардык тараптардын пикирин угуп, маселе мыйзам чегинде чечилерин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар