ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “ТӨМ 4 – ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫНЫН ЭҢ МААНИЛҮҮСҮ"

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Декабрь 2023 ж. 15:41

Көрүлдү: 885

Бүгүн, 6-декабрда Бишкекте Кыргыз Республикасындагы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча сереп жолугушуу өтүүдө.

post.title

Жолугушууга Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрликтин кызматкерлери, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде Дүйнөлүк банктын, USAIDдин, ЮНИСЕФтин, Ага Хан Фондунун, БУУнун, АӨБдүн өкүлдөрү катышууда.

Баяндамасында Догдуркүл Кендирбаева туруктуу өнүгүү максаттарынын төртүнчү максаты  (ТӨМ 4) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы үчүн кызыл сызык жана жол көрсөтүүчү багыт болуп саналарын белгиледи.

“Бүгүн биз билим берүү тармагына биргелешкен сереп салып, туруктуу өнүгүүнүн төртүнчү максатына жетүү аркылуу, билим берүү системасын трансформациялоо маселелерин талкуулап жатабыз. ТӨМ 4 туруктуу өнүгүүнүн эң маанилүү максаттарынын бири болуп саналат, анткени ал өмүр бою ар тараптуу жана адилеттүү сапаттуу билим берүүгө багытталган”, - деп билдирди министр.

Ошондой эле министр Догдуркүл Кендирбаева 2022-жылдан баштап билим берүүнү трансформациялоо боюнча Улуттук консультациялык форумдун резолюциясына ылайык, биз бардык мамлекеттердин эң кечиктирилгис аракеттерин талап кылган милдеттер катары БУУ жана ЮНЕСКО тарабынан таанылган беш тематикалык багытка таянабыз деди.

Тагыраагы:

-        инклюзивдүү, тең укуктуулуктун негизинде курулган, окуучулардын ден соолугуна кам көргөн коопсуз мектептер;

-        жашоо, иштөө жана туруктуулук үчүн окутуу жана көндүмдөр;

-        мугалимди даярдоо, анын системалуу кесиптик өнүгүүсү жана квалификациясын жогорулатуу;

-        санариптик окутуу;

-        билим берүүнү каржылоо.

Жолугушуунун башкы максаты билим берүү тармагындагы туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдөгү жылыштарга талдоо жүргүзүп, 2024-2026-жылдарга биргелешип пландаштыруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, билим берүү секторуна биргелешкен серепти БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги өткөрүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар