МАМЛЕКЕТТИК КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Декабрь 2023 ж. 9:55

Көрүлдү: 1343

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүүчү уюмдарынын директорунун ваканттык бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тиркемеге ылайык (тизме тиркелет) ачык сынак жарыялайт.

post.title

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

1) Өздүк арыз;

2) Жарандык паспорттун көчүрмөсү;

3) Кадрларды эсепке алуу бобюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);

4) Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);

5) Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн  билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);

6) Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же  иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);

7) Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген  соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

8)  3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;

9)  Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.

10) Дело №.

Документтерди кабыл алуу башталган күн: 6-декабрь 2023-жыл.

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 19-декабры  саат 18.00 убактысына чейин.

Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., К. Тыныстанов көч., 257.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, каб. 219. 

Сурап-билүү телефондору: 0312 62 05 09.

Тиркеме

Толугураак - https://edu.gov.kg/announcements/327/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар