И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУда “КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АУДИОВИЗУАЛДЫК ММКлар” АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Декабрь 2023 ж. 17:08

Көрүлдү: 457

Бүгүн, 5-декабрда, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 65 жылдыгына карата “Кыргызстандагы аудиовизуалдык ММКлар” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

post.title

Иш-чарага билим берүү, басма сөз жана маданият тармагынын өкүлдөрү катышты.

Конференцияны И.Арабаев атындагы КМУ ректору  Айгүл Абдраева ачып берип, катышуучуларга медиа мейкиндиктеги тактык, ыкчамдык жана жаратмандыкка тилектештигин билдирип, жалпы чыгармачыл жамаатты Кыргыз  телекөрсөтүүсүнүн 65 жылдык мааракеси менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Университеттин ректору Айгүл Абдраева УТРКнын генералдык директору Болотбек Тиллебаевге өз ара келишимдер ийгиликтүү аткарылып келе жаткандыгына байланыштуу Ыраазычылык кат тапшырып, иштерине ийгилик каалады.

Андан соң конференциянын катышуучуларына “Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн жаралуу тарыхы”  аталышындагы видеоматериал тартууланды.

Илимий-практикалык конференцияда кыргыз журналистикасы, кыргыз телекөрсөтүүсү тууралуу көптөгөн маанилүү баяндамалар угулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар