МИНКАБ ТӨРАГАСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА АКТИВДҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ САЯСАТЫ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Декабрь 2023 ж. 13:43

Көрүлдү: 291

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууга байланыштуу жыйынга катышты.

post.title

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров дүйнөдө билим берүү түшүнүгү толугу менен өзгөргөнүн белгиледи. Анын айтымында мугалим окуучуга талантына жараша багыт берип, ар бирине индивидуалдуу мамилени таап, ресурстарды, маалыматты кайдан издөө керектигин, эң негизгиси жаңы билимди жаратуу керектигин көрсөтүүсү зарыл. Ошол себептүү Министрлер Кабинети этап-этабы менен мектептин санариптик трансформациясын ачып жатканын билдирди.

“Биринчи этапта ар бир мугалимди ноутбук менен камсыз кылып, аларды кайра даярдообуз зарыл. Мугалимдер ар бир айылда, ар бир шаарда эң алдыңкы адамдардан болууга тийиш. Андан соң ар бир балага ноутбук алып берели деген пландарыбыз бар. Мындай учурда алардын ар биринин жеке мугалими болуп, билим алууда күнү-түнү мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди ал.

Ошондой эле мындан ары STEM-предметтер менен англис тили сабактарында Оксфорд жана Кембридж окуу жайларынын китептери колдонулуусу күтүлүүдө жана учурда “Акылман” президенттик лицейи бул система боюнча билим алып жатканын кошумчалады.

Акылбек Жапаров билим берүү тармагында Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети кыска мөөнөттө системалуу чечимдерди кабыл алууга бел байлаганын айтып өттү.

“Биз биргелешип мектепке чейинки билим берүү тармагында көп иштерди баштадык, жазында өкмөттүк акселераторлорду ишке киргиздик, бала бакчаларды ачууда лицензиялоону алып салдык, турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга шарттарды түздүк, имараттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн санитардык жана башка нормаларды кайра карап чыктык. Кийинки жылы биз бул тажрыйбаны республика боюнча жайылтабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамы – бул консолидацияланган Мыйзам. Билим берүү системасы боюнча Министрлер Кабинетинин гана көз карашы эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, жарандык коомдун пикири камтылган.

https://www.gov.kg/.../23722-minkab-toragasy-akylbek...

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар