«МАНАС» ЭПОСУНУН КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы

4 Декабрь 2023 ж. 16:38

Көрүлдү: 493

4-декабрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинде «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас» эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

post.title

Конференциянын ишине Билим берүү жана илим министрлигинин илим башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлжигит Токтошов, илимпоздор жана студенттер катышты.

Иш-чарада «Манас» эпосунун руханий нарктары», «Манас» эпосу: кечээ жана бүгүн», эпос жана улуттук ан-сезим, «Манас» эпосундагы мамлекеттүүлүктүн белгилери» темасындагы баяндамалар сунушталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар