МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТАЛАС ОБЛУСУНУН  БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН  ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Декабрь 2023 ж. 15:57

Көрүлдү: 518

Бүгүн, 4-декабрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева эки күндүк иш сапары менен Талас облусуна барды.

post.title

Иш сапардын алкагында министр Талас облусундагы мектеп, бала бакча жана кесиптик лицейлердин жетекчилери менен жолугушуп, алдыда аткарыла турган иштерди жана билим берүү уюмдарындагы маселелерди талкуулады.

Буга кошумча Догдуркүл Кендирбаева Талас мамлекеттик университетине жана №90 кесиптик лицейине барып, окуу жайлардын эмгек жамааты менен жолугушту. Ошондой эле министр Догдуркүл Кендирбаева КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов менен жолугушту. 

Эртең, 5-декабрда министр Догдуркүл Кендирбаева Бакай-Ата районундагы Чалдовар мектеп-интернатынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышмакчы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар