ОшМУда “МОЛДО НИЯЗ ЭРНАЗАР УУЛУ” ТАСМАСЫНЫН БЕТ АЧАРЫ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Декабрь 2023 ж. 13:51

Көрүлдү: 407

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылы Эл агартуунун 100 жылдыгына карата жогорку окуу жайлар менен биргеликте 100 агартуучу жөнүндө даректүү фильм тартууну демилгелеген.

post.title

Кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу, агартуучу Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата даректүү-көркөм фильм тартылды.

Ош мамлекеттик университетинде Молдо Нияз Эрназар уулу тасмасынын бет ачар аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм тасмасынын сценарийинин автору, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нышанбек Кочкоров,  “Молдо Нияз мурастары” фондунун төрагасы Айтмат Аззамжан уулу, Ош шаарындагы билим берүү жана маданият мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Тасманы тарткан чыгармачыл топко Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар