КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТТАН АЛТЫН МЕДАЛЬ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Декабрь 2023 ж. 12:51

Көрүлдү: 483

Кыргызстандык окуучу Амантур Жумаев 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча Дүйнөлүк чемпионатта 52 кг салмакта алтын медаль тагынды.

post.title

Финалдык беттеште Амантур Жумаев армениялык Арен Харатьянды жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Ал Каракол шаарындагы №1 инновациялык мектеп-гимназиясында 10-класста окуйт.

Өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча чемпионат (IBA Youth World Championships) 2023-жылдын 24-ноябрынан 4-декабрына чейин Ереван (Армения) шаарында өттү.

https://www.iba.sport/.../fifteen-nations-made-it-to-the.../

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар