МУГАЛИМДЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫК КОНКУРСУНДА КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕР 2-ОРУНГА ЭЭ БОЛУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Декабрь 2023 ж. 11:07

Көрүлдү: 564

Математика, физика жана информатика мугалимдеринин X эл аралык чыгармачылык конкурсунда Кыргызстандын мугалимдер командасы II даражадагы диплом сыйланды.

post.title

Кыргызстандан барган мугалимдер командасынын көрсөткөн жыйынтыгы;

  • Тимур Мамбетов – Бишкек шаарындагы Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, математика боюнча II даражадагы диплом;
  • Данияр Марлисов – “Брайт” Эл аралык мектеби, физика боюнча II даражадагы диплом;
  • Медер Осмонов – “Газпром Кыргызстанмектеби, информатика боюнча III даражадагы диплом.

“Газпром Кыргызстан” мектебинин математика мугалими Мамат Ишматов 2021-жылдан тартып конкурстун калыстар тобунун мүчөсү болгон. Мамат Ишматов 2019-жылы ушул эле сынакта математика боюнча 1-орунду ээлесе, Медер Осмонов 2021-жылы информатика боюнча 1-орунду алган.

Белгилей кетсек, 2-3-декабрда Алматы шаарында өткөн бул конкурска Казакстан, Кыргызстан жана Россия Федерациясынан жалпы 284 мугалим катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар