АЛАМҮДҮН РАЙОНУНДАГЫ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Декабрь 2023 ж. 18:50

Көрүлдү: 628

1-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, билим берүү бөлүмүнүн, прокуратурасынын өкүлдөрү менен Аламүдүн районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине бала бакчаларда тамак-аш уюштуруу, коррупциялык иш-аракеттердин алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү.

post.title

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова бала бакчалардын жетекчилерине «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамына ылайык иштелип чыгуучу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин уюштуруу, мамлекеттик билим берүү стандарттарын сактоо, балдардын тамак-ашын уюштуруу боюнча айтып берди. Ошондой эле ал коррупциялык аракеттерден алыс болууга чакырып, ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.

Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Айгүл Закирова, Аламүдүн райондук прокуратурасынын жардамчысы Наргиза Мухамедова жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар