Б. Купешев: “Мугалимдер коомдогу эң алдыңкы адамдар экенин эсибизден чыгарбайлы”

Автор: Борбордук аппарат

16 Ноябрь 2021 ж. 11:36

Көрүлдү: 642

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин мугалимдер журту менен кезектеги жолугушуусу Ысык-Ата районунда өттү. Ал райондогу мектеп директорлору менен жылуу учурашып, бүгүнкү күндөгү эң көйгөйлүү маселени – сапаттуу билим менен сапаттуу тарбия берүү маселесин биргелешип талкуулоо үчүн жолугушууга атайын келгенин айтты.

post.title

Суроо-жооп өңүтүндө өткөн жолугушууда мектеп директорлору көңүл өйүгөн суроолорун министрге узатышты. Чыгып сүйлөгөн жетекчилер мектептердин тартыштыгы, мектеп имараттарынын узак мезгилден бери курулуп бүтпөй турганы, педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги, айрыкча техникалык кызматчыларга төлөнгөн акчанын аздыгынан алардын жетишсиз болуп жаткандыгы ж.б. боюнча маселелерди талкуулашты.

Министр ырасында эле узак мөөнөттөн бери курулушу токтоп турган имараттар өтө көп экендигин, бирок көп жылдар бою чатыры жабылбаган бойдон тура берип, жараксыз болуп калган имараттарды куруп бүтүргөндөн көрө жаңысын куруу керектигин баса белгилеп, мектеп курулушуна инвесторлор активдүү тартылып, жалпы эле республика боюнча жаңы мектеп имараттарын, ылайыгы келсе, кошумча имараттарды куруу иштери жандана баштагандыгын кошумчалады. Ал эми педагогикалык кадрлардын тартыштыгын жоюу боюнча ар бир жогорку окуу жайда методикалык борборлорду ачуу маселеси чечилип жаткандыгын, облус борборлорундагы педагогикалык жогорку окуу жайлардын акыркы курстарында окуган студенттерди практикага жигердүү тартып иштетүү зарылдыгын белгиледи.

"Региондордогу педагогикалык институттар мектептерди мугалимдер менен камсыздоодо жакындан жардамчы болууга тийиш. Адистерди ишке тартуу үчүн, албетте, эң биринчи алардын маянасы жакшы болушу керек. Агартуучулар - коомдогу эң алдыңкы адамдар. Сиздер да өзүңүздөрдү ошого татыктуу алып жүрүүгө милдеттүүсүздөр. Анткени коом сиздерге карап түздөнөт. Президентибиз Садыр Жапаров мугалимдердин жана дарыгерлердин статусун жана эмгек акысын жогорулатуу чараларын көрүп жатат, жакынкы келечекте мугалимдердин жана кенже тейлөөчү кызматчылардын маяналары көрүнөөрлүк көбөйүшү күтүлүүдө”, – деди Б. Купешев.

Мектеп директорлору жолугушууда окуу китептеринин сапатынын начарлыгын, айрыкча аны даярдоодо оркойгон каталар орун алып жаткандыгын, ошондой эле мектептеги камкорчулар кеңешинин милдетин кайра карап чыгуу, окуучулардын билим деңгээлин аныктаган “Алтын тамганын” статусун өзгөртүү зарылдыгын айтышты. Алардын айтымында, жалаң "бешке" аяктаган окуучулардын эмгеги акталбай, эч кандай жеңилдиктерге ээ болбой, мындан улам балдардын окууга кызыгуулары азайып баратат.

Б. Купешев окуу китептеринин Кыргызстандын ичинде жарык көрүүсүн камсыздоо үчүн совет доорунда окуу китептерин басып чыгарган “Китеп” басмаканасын кайрадан ишке киргизүү маселеси чечилип жатканын айтып, "Алтын тамганын" статусу ж.б. ортого салынган ойлор, сунуштар кезек-кезеги менен караларын убадалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар