Санариптик компетенциялар боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты аяктады

Автор: Борбордук аппарат

15 Ноябрь 2021 ж. 20:18

Көрүлдү: 1128

14-ноябрда санариптик компетенциялар боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи чемпионаты – «Digital Skills Kyrgyzstan 2021» жыйынтыкталды. Анын жабылыш аземи И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин башкы корпусунда өттү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев катышты. Ал өзүнүн куттуктоо сөзүндө өлкөдө санариптик компетенциялар боюнча чемпионатты өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, республиканын билим берүү системасындагы прогрессивдүү жаштардын ролуна токтолду. Ошондой эле чемпионатты ийгиликтүү өткөрүп алгандыгы үчүн бардык уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Чемпионатта катышуучулар төмөндөгү багыттар боюнча Ворлдскиллс Россия окутуу программасынын алкагында алган билимдерин көрсөтүштү:

- Графикалык дизайн;

- Веб-технологиялар;

- Тарамдык жана системалык башкаруу;

- Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча катышуучулар компетенциялардын паспортун – топтогон баллдары көрсөтүлгөн электрондук документти жана катышкандыгы тууралуу сертификатты алышты.

Чемпионаттын жыйынтыгы

«Графикалык дизайн» багыты боюнча:

1-орун – Мудинов Айтемир,

2-орун – Абдуллаева Сабина,

3-орун – Абдылдаева Нурпери.

 

«Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу» багыты боюнча:

1-орун – Чоробаев Нурбол,

2-орун – Курманбеков Бектурсун,

3-орун – Чакиев Айдар.

 

«Тарамдык жана системалык башкаруу» багыты боюнча:

1-орун – Жантороев Сыймык,

2-орун – Саитов Бекназар,

3-орун – Кыяс уулу Тынчтык.

 

«Веб-технологиялар» багыты боюнча:

1-орун – Ниязова Айзада,

2-орун – Коргонбеков Уркуяш,

3-орун – Жантаев Бекболот,

3-орун – Исмаилов Нурмухаммед.

Белгилей кетсек, бул чемпионат КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Жаштарды өнүктүрүү институту, БУУнун Россия Федерациясындагы өнөктөштүктү колдоо боюнча өнүктүрүү программасы, «Кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү агенттиги» (Ворлдскиллс Россия) тарабынан уюштурулду. Долбоор Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылды. Уюштуруучулар мындай чемпионатты Кыргызстанда жыл сайын өткөрүп турууга ниеттенишүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар