БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Октябрь 2023 ж. 23:24

Көрүлдү: 842

Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон 9-класстын окуучусу тууралуу Каракол шаардык билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып төмөндөгүлөрдү билдирет:

post.title

Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу М.Ж. 2023-жылдын 27-октябрында кечки саат 21:00-21:30дар чамасында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон. 

27-октябрда каза болгон баланын апасы Н.К. уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жаткандыгын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган.

Бүгүн, 28-октябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева каза болгон баланын үйүнө батага барып, ата-энесине кайрат айтты.

Каза болгон баланын апасы Н.К. №1 инновациялык гимназия-мектебинде география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттардын ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу балдарга сатылып жатканына тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдорун жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар