Кыргызстандын илим тармагынын өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды

Автор: Борбордук аппарат

10 Ноябрь 2021 ж. 22:38

Көрүлдү: 1175

Бүгүн Бишкектеги «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда Илим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, Илимдер улуттук академиясынын президенти Мурат Жуматаев, Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева, «Кумтөр Голд» компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк, Кыргыз Республикасындагы Эл аралык илимий-техникалык борбордун чөлкөмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Д. Керимбаева, Анкара университетинин Тездетүүчү технологиялар институтунун директору Хатиже Дуран Йылдыз катышып, сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы илимдин өнүгүшүнө салым кошкон илимпоздорго жана коомдук ишмерлерге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле катышуучулар иш-чаранын алкагында уюштурулган илимий көргөзмөгө күбө болушту.

Майрамдык иш-чара «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар