БИШКЕКТЕ ӨНҮКТҮРҮҮ ЛИДЕРЛЕРИНИН ФОРУМУ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Август 2023 ж. 16:44

Көрүлдү: 474

27-августта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Улуттук коммуникацияны өнүктүрүү илим изилдөө институтунун жана «Мир-Восток» Фондунун колдоосу менен Өнүктүрүү лидерлеринин форуму өз ишин баштады.

post.title

Форумдун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев, Кыргызстандын жана Россиянын окумуштуулары жана коомдук ишмерлери катышты.

Бардык аймактардан келген 50дөн ашык жаш активисттер үч күн бою аймактарды өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү жана маданий көп түрдүүлүк үчүн аймактык жаштар хабдарын түзүү боюнча долбоорлордун үстүндө иштешет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар