КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР ЭЛ АРАЛЫК ТАЙМАШТА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ БАГЫНДЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Август 2023 ж. 16:10

Көрүлдү: 408

19-августтан 31-августка чейин Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан Эл аралык университеттик спорт фестивалында кыргызстандыктар 4 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту.

post.title

Студенттер спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:
Бокс:


1. Жеңиш Улпатов (48 кг) – алтын медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти;
2. Рустамбек уулу Нурадин (71 кг) - алтын медаль, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин студенти;
3. Азаматов Айдар (86 кг) – күмүш медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Тоо-кен технологиялык колледжинин студенти;
4. Токтосун уулу Бакыт (92 кг) - күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти;
5. Иназаров Мирзахид (60 кг) - коло медаль, Кыргыз-Өзбек университетинин студенти.


Эркин күрөш:
1.    Мырзаназар уулу Бекболот (61 кг) - алтын медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти;
2.    Доктурбек уулу Юхан (57 кг) – күмүш медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти;


Аялдар күрөшү:
1. Нуридин кызы Бермет (59 кг) - алтын медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти;
2. Сазанова Дильназ (65 кг) – күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти.


Грек-рим күрөшү:
1. Муратбек уулу Улан (57 кг) - күмүш медаль, Кыргыз медициналык стоматологиялык институту (КМСИ) студенти;
2. Бердиев Алибек Аскаралиевич (77 кг) – күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 4-курсунун студенти;
3. Орункул уулу Бекзат (82 кг) - күмүш медаль, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун студенти;


Дзюдо:
1. Шабданбеков Муса (66 кг) - коло медаль, Кыргызстан Эл аралык университетинин 3-курсунун студенти;

Таймашка 36 өлкөдөн 281 университеттин өкүлү катышууда. Мелдештер спорттун 14 түрү боюнча өттү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар