БЫЙЫЛ 1-КЛАССКА 150 МИҢДЕЙ БАЛА БАРАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Август 2023 ж. 15:52

Көрүлдү: 1243

Билим берүү жана илим министрлиги өлкө боюнча быйыл 1-класска 150 миңдей бала бара тургандыгын маалымдайт. Биринчи класска электрондук каттоо бүтө элек болгондуктан бул сан өзгөрүшү мүмкүн экендигин кошумчалайбыз.

post.title

Эгерде ата-энелер кандайдыр бир себептерден улам баласын 1-класска каттай албаса, анда алар райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө/башкармалыгына кайрылышы керек.

Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 2023-жылдын 11-апрелинде башталган жана 31-августта аяктайт.

Республика боюнча 2 миң 350дөн ашуун мектеп бар,  аларда болжолдуу 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим бар.

1-сентябрга карата жаңы курулган 42 мектеп, 4 спорт зал колдонууга берилет.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар