ЕВРОПА БИРЛИГИНДЕ АДИСТЕРДИ ОКУТУУ ЖАНА ИШКЕ ОРНОШТУРУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Август 2023 ж. 18:36

Көрүлдү: 1034

28-августта министр Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Heidelberg Materials Lietuva Betonas” ЖАКтын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.

post.title

Меморандумга ылайык, тараптар Евросоюз өлкөлөрүндө окутуу жана ишке орноштуруу үчүн адистерди тандоо жана даярдоо боюнча кызматташат.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен кол коюлду.

Кошумчалай кетсек, «Heidelberg Materials Lietuva Betonas» Литвадагы цемент, бетон жана инерттүү материалдарды өндүрүү боюнча германиялык концерндин өкүлчүлүгү болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар