МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “КЫРГЫЗСТАНДА БИЛИМДИ КӨТӨРҮҮГӨ ЖАЛПЫ УЛУТТУК МАКСАТ, УМТУЛУУ БАР”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Август 2023 ж. 17:45

Көрүлдү: 359

“Учурда билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жаңы, кубаттуу дем берүү доору келди. Элибиздин рухий байлыктарына, кыргыз элинин менталитетине таандык моралдык-этикалык улуу дөөлөттөрдү окуучуларыбыздын дилине сиңирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп турат. Улуттук педагогика менен санарип билимди айкалыштыра билүү бүгүнкү башкы артыкчылык болуусу кажет”, - деди билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 29-августта Педагогдордун август конференциясында жасаган баяндамасында.

post.title

Каныбек Иманалиевдин айтымында, быйыл жогорку окуу жайларына педагогикалык багытта билим алуу үчүн 4 миң 366 абитурент өтсө, педагогикалык колледждерге 11 миң 614 абитурент кабыл алынды.

“Мугалим баркталган жана бааланган коомдо гана илим-билим өнүгөрү айныксыз. Биз мугалимдин дараметин, эң негизгиси анын беделин жогорулатуу боюнча бардык шарттарды түзүп беришибиз керек. 2020-жылы 3 миң мугалим жетишпесе, быйыл бул көрсөткүч 300-350гө түштү.

2022-2023-окуу жылында 1834 бала бакча иштеп, 220 миңден ашык бала мектепке чейинки билим берүү программалары менен камсыздалды. Бала бакчалардын саны  өткөн окуу жылга салыштырмалуу 122 ге көбөйүп, мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтуу 26% га  жетти”, - деп билдирди министр.

Ошондой эле Каныбек Иманалиев 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүүнүн көрсөткүчүн 90%га чейин жеткирүү милдети тургандыгын айтып, бул көрсөткүчтөргө жетиш үчүн жылына жок дегенде 10% га жогорулатуу керектигин билдирди.

“Биз эми жеке менчик мектеп, бала бакча куруу үчүн ишкерлерге ийкемдүү жана ылайыктуу шарт түзүп беришибиз керек. Айылда эң жакшы имарат болсо, ал эң ириде мектеп болушу керек, райондук борбордо эң жакшы имарат болсо, ал да мектеп болушу керек, ал эми областтык борбордогу эң жакшы имарат ал университет болушу керек”, - деди министр Каныбек Иманалиев.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар