ЭДИЛ БАЙСАЛОВ ӨКМӨТТҮН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ТАРМАГЫНА КОЛДООСУН БЕЛГИЛЕДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Август 2023 ж. 17:14

Көрүлдү: 1048

29-августта Педагогдордун август конференциясына Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрдин биринчи орун басары Уланбек Усеков, эмгек сиңирген мугалимдер Бектур Исаков, Орозалы Сайдилканов, Омурзак Мамаюсупов, Мурат Жетимишбаев, Гапыр Мадаминов, “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун авторлору жана республиканын мугалимдери катышты

post.title

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, анын көрсөткүчү катары республикалык бюджеттен билим берүү жана илим тармагын каржылоо 2020-жылга салыштырмалуу – эки эсеге, 2022-жылга салыштырмалуу 23 млрд сомго көбөйгөнүн белгиледи, атап айтканда, 2023-жылга дээрлик 61 млрд сом бөлүү каралган. Быйыл курулушу пландаштырылган титулдук тизмедеги 240 социалдык объектинин 196сы билим берүү мекемелери үчүн арналган. Эдил Байсалов келерки жумада 45-46 мектепти ачуу пландалып жатканын, ал эми бул жумада кыргыз-орус мектептеринин курулушу башталаарын билдирди. Президент авариялык деп табылган мектептердин курулушун жана ремонтун 1-2 жылда толугу менен бүткөрүү милдетин койду.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары мугалимдерди 2025-жылы өтүүчү улуттук билим берүү системасын баалоочу PISA эл аралык изилдөөсүнө карата даярдыкка көңүл бурууга чакырды. 

Ал өлкөнүн экономикасындагы тоо-кен ишканаларынын санынын көбөйүшү, көмүр казып алууну жогорулатуу пландары, ГЭСтерди жана темир жолдорду курууга даярдык көрүү сыяктуу  алгылыктуу жылыштарга катар орто кесиптик окуу жайлары тарабынан адистерди даярдоону жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары ЖОЖдордун ректорлоруна мыкты кадрларды даярдоону, алардын адистери дүйнөнүн эң мыкты университеттеринде билим алвп, кайтып келген соң, алдыңкы окутуучу жана профессор болуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын алуу боюнча келишимдерди түзүүнү сунуштады.
Эдил Байсалов комиссия саламаттыкты сактоо, айыл чарба, киберкоопсуздук жана башка тармактардагы илимий изилдөөлөр үчүн 250 миң сомдон 5 миллионго чейинки «Илимпоз» стипендиясын белгилөө боюнча токтом долбоорун даярдап жатканын билдирди.

Учурда окуу китептери дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө дал келбей турган мезгилде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мугалимдердин квалификациясын 4 жылда бир эмес, тынымсыз жогорулатуу керектигин, бул үчүн ар бир мугалимди компьютер, же  ноутбук менен камсыз кылуу, аны Билим берүү жана илим министрлигинин системасына - Педагогикалык онлайн университетке жана өз алдынча билим алуу үчүн материалдарды алуусу үчүн туташтыруу пландалып жатканын айтты. Эдил Байсалов мугалимдерди мыкты окуучуларга гана эмес, ар бир окуучуга жетиштүү көңүл бурууга чакырды. Эдил Байсалов мугалимдерди келечек муунга жакшы тарбия берүүгө чакырды.

Ал заманбап мектеп өз алдынча, сынчыл ой жүгүрткөн, чыгармачыл окуучуларды даярдоосу керектигин, ийкемдүү балдардын заманы өткөнүн айтып, «Окуучу толтурула турган идиш эмес, жандырууну күтүп жаткан чырак» деген сөздү эске салды. 

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам учурдун талабына ылайык чоң кадам болгонун, ошондой эле депутаттар көчмө жыйындарда аймактардагы абал менен жеринде таанышып жатканын билдирди. 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өз сөзүндө жыйынтыктарга жана иш пландарга кеңири токтолду.
Андан соң республиканын булуң-бурчунан келген мугалимдер билим берүү тармагына санариптештирүү жана жашыл көндүмдөрдү киргизүү боюнча баяндамаларды жасашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар