АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ "ЭЛ ҮМҮТҮ" ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ СЕРТИФИКАТТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Август 2023 ж. 18:46

Көрүлдү: 1282

Бүгүн, 28-августта, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан Республикалык комиссия тарабынан жактырылган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын тапшырды.

post.title

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 18-августундагы №150 Тескемесине ылайык, 2023-2024-окуу жылына “Эл үмүтү” стипендиаттарын окутууга акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 59 млн 994 миң 760 сом бөлүндү. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиаттарынын тизмеси -

Экинчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси:
-    Кадырова Айдай Кадыровна – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;
-    Шаршенова Альбина Уранбековна – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;
-    Исаева Эльвира Жумакалыевна – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттыкты сактоо” жаатында PhD;
-    Эдилбаев Алмаз Айдарбекович – Техас университети, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиаттарынын тизмеси –

Биринчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси::

-    Абабакиров Нуршат Абдисаламович – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
-    Абдинабиева Сапаргул Абдинабиевна – Сассекс университети, “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура;
-    Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
-    Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;
-    Ашырмаматов Исламбек Нурбекович – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.
-    Жакыпбекова Бермет Жакыпбековна – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура;
-    Ибраимов Чынгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа;
-    Камчыбекова Мээрим Камчыбековна – Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура;
-    Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура;
-    Осмонова Алина Арслановна – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
-    Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, “Бизнес-аналитика” багыты боюнча магистратура;
-    Туратхан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;
-    Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар