АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГДОР ТҮРКСОЙ УЮМУНУН СЫЙЛЫГЫНА ЭЭ БОЛУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Август 2023 ж. 15:40

Көрүлдү: 1181

“Санарип билим жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы педагогдордун август конференциясында бир катар билим жана илим тармагынын өкүлдөрү Түрксой эл аралык уюмунун сыйлыгы менен сыйланышты.

post.title

Сыйлангандар:

  1. Алыбаев Сабырбек Медербекович - Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин тарых мугалими,
  2. Асаналиева Кыял Айбашевна - К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин доценти,
  3. Астанов Шавкатбек Моминжанович – Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканынын м.а.,
  4. Жунушалиева Мөөркан – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун А.Албаков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты боюнча ардагер мугалими,
  5. Кадыров Абдинаби Азабаевич – Баткен мамлекеттик университетинин «Айгүл-Тоо» маданий-тарыхый музейинин жетекчиси,
  6. Мамбетакунова Нургул Барктабасовна – Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси,
  7. Эшматов Рысбек Канатбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кыргыз адабиятынын тарыхы бөлүмүнүн улук илимий кызматкери,
  8. Акматов Кыялбек Камутович - Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, доцент.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар