ИШЕНИМ ТЕЛЕФОНУ КҮНҮ-ТҮНҮ ЖАРАНДАРДЫН КЫЗМАТЫНДА!

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Август 2023 ж. 15:30

Көрүлдү: 1267

Урматтуу кыргызстандыктар! Өлкөдөгү билим жаатындагы бардык маселелер боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү ишеним телефону (0999800500) иштей баштады.

post.title

Бул КР Президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 26-майындагы №136 Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндөЖарлыгын ишке ашыруунун алкагында түзүлдү.

Ишеним телефону аркылуу ар кандай акча чогултууларды, маселелерди жана арызданууларды билдирсеңиз болот. Бала бакча, мектеп, лицей, колледж, университеттеги көйгөйлөр менен кайрыла аласыздар! Фото жана видео далилдерди дагы жиберсеңиздер болот.

Ишеним телефону күнү-түнү иш алып барат!

#илимбилимөнүгүү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар