БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ 12 КАДАМ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Август 2023 ж. 9:34

Көрүлдү: 435

I 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алынып, 11-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров кол койду.

post.title

II

2023-жылы билим берүү тармагын каржылоо 60,9 миллиард сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйдү.

 1-сентябрдан баштап мектеп директорлору менен окуу иштери боюнча орун басарларынын айлыгы 50% жогорулайт.

III

Быйыл 100 мектеп жылдын аягына чейин бүткөрүлөт, анын ичинен 36 мектеп  1-сентябрда ишке берилет.

Мындан сырткары ар бири 1224 окуучуга ылайыкталган 9 кыргыз-орус мектептери курулуп баштайт.

Мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын саны 26% жетти/

IV

Быйыл жалпы республикалык тесттин орточо көрсөткүчү  121,9 баллды түздү же 2,1 баллга жогорулады.

Мектептерге 25000 компьютер, 2000ден ашуун ноутбук берилди. Алдыда дагы 800 компьютер берилет

Быйыл 324 миллион сомго 1 миллион 278 миң нускада окуу китептер, методикалык колдонмолор басылып чыгат.

V

Өткөн жылы 80 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болсо, быйыл дээрлик эки эсеге өсүп, 168 окуучу алды.

VI

Чолпон-Ата шаарында өзгөчө жөндөмдүү балдарга ылайыкталган «Акылман» Президенттик лицейи ачылды.

Лицейге сынак аркылуу өлкө боюнча 75 окуучу тандалды.

VII

99 кесиптик лицейге өзгөчө статус ыйгарылып, Президенттик IT лицей болуп кайра түзүлдү.  Бул лицей жаңы IT кесиптерге үйрөтөт.

VIII

100 кесиптик лицейдин ичинен 60 лицей толугу менен оңдолду. Кийинки эки жылдын ичинде калган кесиптик лицейлер толук оңдолуп бүтөт.

 

Ысык-Көл, Нарын жана Баткен мамлекеттик университеттеринин базасында медициналык факультеттер ачылууда. Аларга чет элдик студенттер кабыл алынат.

Х

Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS World University Rankings 2024 рейтингинде эң алдыңкы 900 окуу жайдын катарына кирди.

Х I

Илимий-изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу максатында илимий даражалар үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражат 50% жогорулады.

 2023-жылга илимдин артыкчылыктуу багыттарын  каржылоого 300 млн сом каралды.

ХII

2023-2024-окуу жылында Президенттик «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына 63 талапкер документ тапшырып, анын ичинен 13 студент тандалып алынды.

Алар дүйнөнүн алдыңкы топ-100гө кирген университеттеринде билим алышат. Өткөн жылы тапшырган 4 студент дагы алдыңкы окуу жайларда окууларын улантышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар