ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: 123 МИҢ 178 БАЛА 1-КЛАССКА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Август 2023 ж. 16:46

Көрүлдү: 1089

Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу 2023-жылдын 16-августуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 123 миң 178 бала кабыл алынды. Анын ичинен 2 миң 788 бала жеңилдик менен алынды.

post.title

Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 66,1% түзөт. Дагы 63 миң 66 бош орун бар.

Бишкек шаарында жалпы 20 миң 741 квота болсо, анын 17 миң 550нө бала кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунда жалпы 36 миң 525 квота болсо, анын 23 миң 586на бала кабыл алынды.

Чүй облусунда жалпы 30 миң 786 квота болсо, анын 19 миң 515не бала кабыл алынды.

Ош облусунда жалпы 40 миң 434 квота болсо, анын 24 миң 7не бала кабыл алынды.

Ысык-Көл облусунда жалпы 14 миң 900 квота болсо, анын 9 миң 140на бала кабыл алынды.

Баткен облусунда жалпы 16 миң 835 квота болсо, анын 11 миң 738не бала кабыл алынды.

Талас облусунда жалпы 7 миң 198 квота болсо, анын 4 миң 885не бала кабыл алынды.

Нарын облусунда жалпы 7 миң 536 квота болсо, анын 5 миң 148не бала кабыл алынды.

Ош шаарында жалпы 11 миң 289 квота болсо, анын 7 миң 609на бала кабыл алынды.

Эскерте кетсек, балдардын жалпы орто билим алууга бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, ошондой эле баланы 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды кыскартуу максатында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан.

Мектепке электрондук каттоонун I этабы 2023-жылдын 10-апрелинен 26-июнуна чейин болсо, II этап 26-июндан 31-августка чейин жүргүзүлөт. 

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт - https://mektep.edu.gov.kg/

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар