ОКУУ ЖЫЛЫН 1-СЕНТЯБРДАН БАШТОО ЖӨНҮНДӨ БУЙРУККА КОЛ КОЮЛУП, МЕКТЕП КАНИКУЛДАРЫНЫН ГРАФИГИ БЕКИТИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Август 2023 ж. 18:15

Көрүлдү: 4935

2023-жылдын 16-августунда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 Буйрукка кол койду.

post.title

Буйрукка ылайык, түрлөрүнө жана менчиктик таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт.

2023-2024-окуу жылына мектеп каникулдарынын графиги бекитилди:

- күзгү каникулдар – 7 календардык күн: 2023-жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрына чейин созулуп, сабактар 2023-жылдын 13-ноябрынан башталат;

- кышкы каникулдар - 14 календардык күн: 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат;

- жазгы каникулдар - 11 календардык күн: 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартка чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталат.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.

Базистик окуу планы

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар