2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНДА КОЛДОНУУГА СУНУШТАЛГАН ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН ТИЗМЕГИ БЕКИТИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Август 2023 ж. 17:18

Көрүлдү: 5886

14-августа билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “2023-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмектерин бекитүү жөнүндө” Буйрукка кол койду.

post.title

Буйрукка ылайык бекитилди:

- 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги;

- 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги;

- 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги;

- 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги.

Жаңы предметтик стандарттар жана окуу программалары бекитилгенге чейин басылып чыккан кыргызстандык авторлордун окуу китептери 2022-202З-жылдары бекитилген предметтик стандарттарга жана окуу программаларына дал кел келген жаңы/жаңыланган окуу китептери басылып чыкканга чейин билим берүү процессинде колдонууга сунушталат.

Тизмекке киргизилген чет элдик авторлордун кээ бир окуу китептери (“Кыргыз Ресгryбликасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган” грифи бар окуу китептерин кошпогондо) билим берүү процессинде кошумча окуу материалдары катары колдонулушу мүмкүн.

Файл:

►окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеси,

►окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеси,

►окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеси,

►окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеси. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар