Мыкан айылындагы мектептин доскасындагы «ката» боюнча түшүндүрмө

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Октябрь 2021 ж. 13:03

Көрүлдү: 937

Кечээ, 25-октябрда, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болгон. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер катышкан. Иш-чаранын алкагында алар мектептин башталгыч классынын сабагына катышышкан.

post.title

Сабак учурунда тартылган сүрөттөн доскада “мак” жана “мяк” деген сөздөр жазылганын көрүүгө болот. Дал ушул жазуулар социалдык желелердин колдонуучуларынын жана айрым журналисттердин назарын бурду. Талкууланып жаткан доскадагы жазуулар боюнча министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.  

Жайчибекова Марал Таштанбековна Мыкан айылындагы Жакыпбек Бердыбеков атындагы орто мектепте үчүнчү жылы иштеп жатат. Башталгыч класстардын мугалими катары ал өзүн жакшы жагынан көрсөттү. Анын методикасында окуучулардын көңүлүн бурууга карата тапшырмалар көп колдонулат. Сабакта да ал иштелип чыккан методиканы колдонгон. Бул атайын пландалган педагогикалык кырдаал болчу. Окуучулар сабакта “мак” жана “мяч” деген сөздөргө тыбыш-тамгалык талдоо жүргүзүшкөн. Сөздөгү катаны балдар өздөрү табышы керек болчу (“Катасын тап” оюну).

Адатта мындай тапшырмалар балдардын көңүлүн буруу, теманы өздөштүрүүдөгү мүчүлүштүктөрдү табуу жана көрүү сезимин өнүктүрүү үчүн колдонулат. Мындай көнүгүүлөр орфографиялык сергектикти өнүктүрүүгө да таасирин тийгизет.  

Ал эми айрым журналисттердин жана социалдык желелердин колдонуучуларынын маселенин чоо-жайын териштирбей туруп жаш мугалимди айыптаганы мугалимдик кесиптин кадырын арттырбайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар